Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде «Автономиядан эгемендүү мамлекетке чейин: тарыхый мураска жана кылымдардын сабактары» аттуу эл аралык илимий конференция болуп жатат. Бул иш-чара Кыргыз Автономиялык Социалисттик Советтик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.

Конференцияга окумуштуулар, тарыхчылар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана дипломатиялык корпус өкүлдөрү катышып жатат. Ошондой эле Казакстан, Беларусь жана Россиядан келген илимпоздор өз демилгеси менен илимий баяндамаларын сунуштайт.

Иш-чараны ачкан Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттин илим тармагына болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрүп жатканын белгиледи.

Мамлекеттин илимге болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрүүдө. Алдыдагы жылдары дагы да масштабдуу иштерди жүргүзүү пландалууда. Сиздер мунун баарына күбө болоруңузга ишенем.
Чолпонбек Абыкеев

Абыкеевдин айтымында, Садыр Жапаровдун демилгеси менен Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги түзүлгөн, ал эми Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөлөрдөн өткөн. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана университеттердеги курулуш иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошону менен бирге, Президенттин кеңешчиси окумуштуулардын алдында турган маанилүү милдет — кыргыз элинин тарыхындагы изилденбеген жана такталбаган барактарды толтуруу экенин баса белгиледи.