Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу Минжылкиева көчөсүн куруу жана улантуу иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынан билдиришти.

Жаңы эки тилкелүү автожолдун узундугу 1,3 чакырымды түзөт жана ал Чыңгыз Айтматов проспектисин Тыналиев көчөсү менен түз байланыштырат. Студенттердин жана аймактын тургундарынын коопсуздугу үчүн университеттин жанында жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү курулган.

Жаңы жол көрсөткүчтөрү

1,3узундугу, км
2тилке

Мэриянын эсебинде, Минжылкиева көчөсү аркылуу түз өтүүнүн ачылышы Ахунбаев жана Жайыл Баатыр көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ азайтат.