12-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын элдик артисткасы, белгилүү композитор жана ырчы Каныкей Эралиеванын юбилейине карата салтанаттуу кеч уюштурулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Министр өз сөзүндө Каныкей Эралиеванын кыргыз музыкалык искусствосундагы өзгөчө ордун белгилеп, анын чыгармачылыгы улуттук маданияттын баалуу мурасы экенин баса белгиледи. Ал белгилүү композитордун көп жылдык эмгегин жогору баалаган.

Юбилейдик кечтин алкагында көрүүчүлөргө майрамдык концерттик программа сунушталды. Анда Каныкей Эралиеванын белгилүү чыгармалары жаңырып, анын улуттук маданиятты жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленди.