Эстеликтин ачылышы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында саат 11:00дө башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында манасчынын кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы, анын ичинде «Манас» эпосун жайылтуудагы эмгеги белгиленет. Ошондой эле анын чыгармачыл мурасына урмат көрсөтүлөт.

Уркаш Мамбетаалиевге эстелик тургузуу көрүнүктүү манасчынын элесин түбөлүккө калтырууга, анын кыргыз маданиятына кошкон салымын даңазалоого жана чыгармачыл мурасын келечек муундар үчүн сактоого багытталган
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнөн

Уркаш Мамбетаалиев — Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар манасчы. Анын айтуусундагы «Манас» эпосу улуттук маданияттын баа жеткис мурасы катары бааланат.

Эстеликтин ачылышы