Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштеринде коопсуздук талаптарына дал келбеген жол белгилери колдонулуп жатканын аныктады. Бул тууралуу депутат өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган видеосунда билдирди.

Ал Боконбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде, Бишкек медициналык колледжинин жанындагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жерде орнотулган жол белгилерин көрсөткөн. Видеодо жол кыймылына чектөө киргизилип, айдоочулар айланып өтүүгө аргасыз болгону айтылат. Бул иштерди "Бишкектеплосеть" ишканасы жүргүзүп жатат.

Депутат белгилегендей, орнотулган жол белгилери коопсуздук стандарттарына туура келбейт. Атап айтканда, аларда жарык чагылдыруучу элементтер жана атайын жарыктандыруу жок, ошондой эле атайын боёктун ордуна жөнөкөй боёк колдонулган. Караңгыда айдоочулар эскертүүнү байкашы үчүн конструкцияга кадимки электр лампасы зымдар аркылуу туташтырылган.

Окуя болгон жерге келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери жол белгилеринин талаптарга жооп бербестигин тастыктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо иштерин уюштурган тараптарга 23 миң сом айып пул салынды.