Сынактын негизги максаты — Ниязалы Борош уулунун чыгармачыл мурасын сактоо жана жайылтуу, комуздагы салттуу кыргыз аткаруу өнөрүн өнүктүрүү, жаш музыканттардын чеберчилигин жогорулатуу жана уникалдуу музыкалык салттарды келечек муундарга өткөрүп берүү.
Сынак эки тур менен өтөт. Биринчи турда катышуучулар бекитилген репертуардан эки чыгарма аткарышат. Экинчи турда Ниязалы Борош уулунун «Сурнай күү» чыгармасын милдеттүү түрдө аткаруу талап кылынат, ошондой эле башка тандалган чыгармалар, анын ичинде музыкалык коштоодо да аткарылат.
- 18-ноябрь
Биринчи тур
- 20-ноябрь
Экинчи тур
- 21-ноябрь
Жеңүүчүлөрдү аныктоо, сыйлоо аземи жана гала-концерт
Калыстар тобу катышуучулардын аткаруучулук чеберчилигин, музыкалык тактыгын, чыгармалардын көркөм мазмунун ачып берүү жөндөмүн, артистизмин жана сахна маданиятын баалайт.
Сынактын жыйынтыгында гран-при, биринчи, экинчи жана үчүнчү сыйлыктар, ошондой эле дем берүүчү сыйлыктар ыйгарылат. Катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 7-ноябрына чейин кабыл алынат.
Бул сынак — комуз өнөрүнүн улуу мурасын даңазалоо жана аны жаңы муунга жеткирүү үчүн маанилүү кадам.










