Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) алкагындагы өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чара 16дан 19-июлга чейин улантылып, ШОСтун 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмдагы төрагалык мезгилине арналат.
Бул кинофестиваль негизинен өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөө, кино индустриясында профессионалдуу байланыштарды кеңейтүү үчүн өткөрүлөт.
Конкурс программасына ШОСко мүчө өлкөлөрдүн өнөр майданындагы көрүнүктүү тасмалары кирип, алар замандын талабына шайкеш улуттук кинематография өнүгүүсүн чагылдырат.
Кыргызстан кино фестивалга "Кара Кызыл Сары" тасмасы менен катышууда. Ошондой эле, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Беларус жана Россиядан тасмаларды көрүүгө болот.
Конкурсту эл аралык жюри баалайт. Жюридин төрагасы — режиссер, сценарист жана продюсер Эрнест Абдыжапаров. Башка мүчөлөрү — Светлана Суховей, Сайера Худойбердиева, Хоу Кэмин, Бауржан Шукенов, Махмадсаид Шохиен, Андрей Зайцев жана Рухолла Хоссейни.
Фестивалдын делдик программасынын алкагында кинематография жаатында кызматташтык, биргелешкен тасма өндүрүү жана тажрыйба алмашуу темаларына арналган эл аралык тегерек стол өтөт.


































