Бишкек шаарындагы атайын балдар борборлорунда психологдордун жардамдары акысыз көрсөтүлөт. Эгерде ата-энелер баласынын жүрүм-турумунда кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкашса, анда алар адистерге кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат.
Шаардык бийлик өкүлү Рахат Мусаеванын билдирүүсүнө караганда, бул борборлор үй-бүлөдөгү маселелерден улам стресске кабылган же башка татаал кырдаалда калган балдарга көмөк көрсөтөт.









