Президент Садыр Жапаров Жогорку Кенеш тарабынан 2026-жылдын 21-октябрында кабыл алынган илим жана Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Мыйзамдын негизги максаттары илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторинг учурунда аныкталган боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат. Ошондой эле илимий уюмдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын финансылык автономиясын кеңейтүү жана илим системасын реформалоо пландалууда.
Негизги өзгөртүүлөр
«Илим жөнүндө» мыйзамга киргизилген жаңылыктар илимдин терминологиясын тактоо жана уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында төмөнкүдөй маанилүү пункттар кошулду:
- «илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо», «жөнөтүүчү окумуштуу», «илимий мектеп», «публикациялык активдүүлүк» деген түшүнүктөр кошулду.
- Президенттин алдындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын статусу такталды.
- Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга келишимдик негизде көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтар жана иштер үчүн тарифтерди өз алдынча түзүү жана белгилөө укугу берилди.
- 2026-жыл, 6-апрель — Президенттин илимди реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча №135 жарлыгы чыгарылган








