Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун массалык түрдө бак-дарак отургузууга чакырат. Бул иш-чара 2026-жылдын 14-ноябрында, шейшемби күнү өткөрүлөт.

Акция Манас көчөсүн бою менен өтөт. Отургузула турган көчөттөр бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин келген бийик өсүмдүктөр болот. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышат.

Акциянын масштабдуулугу

6000көчөт
3-6метр бийиктиктеги бактар

Катышуучулар үчүн ысык чай уюштурулат. Көчөттөрдү «Бишкекжашылстрой» муниципалдык ишканасы камсыз кылат. Учурда адистер отургузуучу чуңкурларды казуу сыяктуу даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.

Катышуучулар саат 09:00дө Бишкек мэриясынын имаратынын алдында чогулушу керек. Иш-чара саат 11:00гө чейин созулат.