Бишкек шаарында Экологиялык кеңештин соңку жыйынында 100 миң түп бак отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Жыйынга Бишкек мэри Айбек Джунушалиев төрага болуп катышып, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар жашоочулары катышты.
Жыйында катышуучулар борбор калаадагы Эмен сейил багы, Уркуя Салиева аянты, Театр сквери, ИИМ аймагы, Панфилов паркы жана Жаш Гвардия бульвары сыяктуу жайлардагы жашыл аймактардын абалын жеринен таанышты.
Жолугушууда дарак багууну, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана экология боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды. Мэр жарандардын сунуштарын эске алуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Андан кейing, катышуучулар "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине барышты. Азыркы учурда питомникте 93 миң көчөт өстүрүлүп жаткандыгы маалым болду.
Экологиялык кеңештин чечими менен Бишкек шаарында климаттык шарттарга ылайык чынар, карагач, липа жана башка түрдөгү дарактардын жалпы 100 миң көчөтү отургузулат.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, коомдук угууларда айтылган бардык сунуштар протоколго кирип, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү шаардык кызматтар карап чыгат.









