Бишкек шаарынын Абакан көчөсүндө жолдун бир нече участогу чөгөрүп кетти. Бул кырдаал унаалардын жолдун ичине катрылып кетишине алып келген.

Ленин райондук администрациясынын маалыматы боюнча, мындай кырдаалдын себеби — «Бишкекводоканал» мекемесине таандык эски канализациялык түтүктөрдүн эскириши. Түтүктөрдөн суунун агып чыгышынан улам топурак чөгүрүп кеткен.

Азыркы учурда аталган аймакта иштер жүргүзүлүүдө. Бийлик өкүлдөрү 12-ноябрда жолду атайын аралашма менен толтуруп, тегиздеп коюуга убада беришти.