25-июлга карата Бишкектеги азык-түлүк бааларына жүргүзүлгөн анализ бир жума ичинде айрым товарлардын кымбаттаганын, айрымдарынын арзандаганын көрсөттү. 24.kg маалымат агенттиги жума сайын бир эле супермаркетте азык-түлүктүн бааларын байкап турушат.

Бир жуманын ичинде картошка, бадыраң, сабиз, капуста жана алмурут арзандаса, ошол эле учурда калемпир, пияз, алма жана кант кымбаттаган.

Супермаркеттердеги жана базарлардагы баалар ар кандай болушу мүмкүн экени белгиленет. Дүкөндөрдө арзандатуулар менен товарларды арзан баада сатып алууга болот.

Жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, 2018-жылдын октябрь айынын аягында башталган эксперименттен бери азык-түлүк себетинин баасы 3 миң 766 сомго өскөн. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 313 сомго, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 867 сомго кымбаттаган.

Азык-түлүк керектөөсүнүн бекитилген нормативдери

Мамлекет тарабынан бекитилген нормативге төмөнкү азык-түлүктөр кирет:

  • Нан азыктары — 9 килограмм
  • Эт — 5 килограмм
  • Картошка — 8,2 килограмм
  • Жашылчалар — 9 килограмм
  • Мөмө-жемиштер — 10 килограмм
  • Кант — 2 килограмм
  • Сүт — 17 литр
  • Өсүмдүк майы — 1 литр
  • Жумуртка — 4 даана
  • Балык жана балык азыктары — 100 грамм
  • Чай — 200 грамм

Нан азыктарына нан, макарон азыктары жана ар кандай дан азыктары кирет.

Бул эсептөөлөр болжолдуу экени жана мамлекет тарабынан бекитилген нормаларга гана негизделгени белгиленет. Ошондой эле, ар бир адамдын тамактануу адаттары ар башка болгондуктан, бул «азык-түлүк себетин» акыркы чындык катары кабыл алууга болбойт. Бул 24.kg агенттигинин социалдык эксперименти катары каралат.