Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде Бишкек шаарында 7 419 жаңы чарба жүргүзүүчү субъект катталды. Алардын ичинен 6 801 юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк болсо, 618 физикалык жактарды түздү.
1-ноябрга карата борбор шаарда жалпысынан 193 653 катталган чарба жүргүзүүчү субъект бар экени белгиленди. Бул көрсөткүчтүн ичинде юридикалык жактардын саны 113 533ти, ал эми физикалык жактардын саны 80 120ти түзөт.
Борбор шаардагы субъекттердин түрү
Ишкердик тармактардын арасында опт жана чекене соода, ошондой эле автоунаа жана мотоунааларды оңдоо эң алдыңкы орундарды ээлеген. Бул тармактарда юридикалык жактардын 34,9% пайызы, ал эми физикалык жактардын 47,7% пайызы иш алып барат.
Тармактар боюнча юридикалык жактардын үлүшү
Улуттук статистика комитети
| Соода жана автооңдоо | 34,9 |
|---|---|
| Курулуш | 8,6 |
| Илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 8 |
| Иштетүү өнөр жайы | 7,3 |










