Өзбекстандын куралдуу күчтөрүндө мурда колдонулуп келген орусча аскердик терминдердин ордуна мамлекеттик тилдеги аналогдорду колдонуу чечими кабыл алынды. Өзбекстандык маалымат булактарынын билдирүүсүнчө, 30 жаңы термин аскердик чөйрөгө киргизилет.

Жаңы терминдердин ортосунда мисалы, «атака» деген сөздүн ордуна «hamla», «дубинканын» ордуна «darra», «противогаздын» ордуна «gazniqob», ал эми «фуражканын» ордуна «bo‘rk» колдонулат. Ошондой эле «блокада» жана «блиндаж» деген сөздөр үчүн «qamal» жана «panajoy» варианттары бекитилди.

Бул тизмени Коргоо министрлигине караштуу жумушчу топ даярлаган. Сунуштар Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти тарабынан чогултулуп, андан кийин тиешелүү адистердин катышуусу менен Терминологиялык комиссия тарабынан текшерилген.

Маалыматка ылайык, январь айында талкуу үчүн 41 вариант сунушталган, бирок жыйынтыкта 30 термин гана калтырылып, айрым котормолор өзгөртүлгөн. Жаңы эквиваленттердин бир бөлүгү тарыхый булактардан алынса, калгандары өзбек тилинин эрежелерине ылайык түзүлгөн.

Бул иштер 2020–2030-жылдарга карата өзбек тилин өнүктүрүү жана тилдик саясатты жакшыртуу концепциясынын алкагында жүргүзүлүүдө.