Кыргызстандын коммерциялык банктарында жана микрофинансылык компанияларында топтолгон депозиттердин жалпы суммасы 926 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев «Биринчи радио» эфирүндө билдирди.
Депозиттерди коргоо тутумунун катышуучулары катары Улуттук банктын мүчөлүк лицензиясына ээ болгон 26 коммерциялык банк жана 3 микрофинансылык компания айтылды.
Кадырбек Букуев депозиттердин өсүшүн калктын кирешесинин жогорулашы, банктык кызматтардын кеңейиши жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн өнүгүшү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, жарандар акчаларын банктык эсептерде сактоого жана мобилдик тиркемелерди колдонууга көбүрөөк кызыгып жатышат.
Мындай бөлүштүрүүнүн себеби борборлоштурулган эсепке алуу менен байланыштуу, айрыкча кээ бир банктар аймактардагы кардарлардын каражаттарын да борбордо эсепке алышат.
депозиттик эсептердин саны13 млн15 млн +15%
Өлкөдө депозиттик эсептердин саны 15 миллиондон ашты. Бул көрсөткүч эсеп ээлеринин санын билдирбейт, анткени бир адам ар кайсы банктарда бир нече эсеп ача алат.
Ошондой эле Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү да өсүп жаткандыгы белгиленди.
2026-жылдын 1-ноябрына карата фонддо 12 миллиард 28 миллион сом топтолгон. Жылдын алгачкы он айында бул сумма 2 миллиард 317 миллион сомго көбөйгөн.






