Кыргызстандын банктык секторундагы акча каражаттарынын жайгашуусу боюнча борбор шаар жана аймактардын ортосунда чоң айырма бар. Кадырбек Букуевдин айтымында, өлкөдөгү банктардагы жана микрофинансылык компаниялардагы депозиттердин 83 пайызы Бишкек шаарында, ал эми калган 17 пайызы аймактарда топтолгон.

Депозиттердин бөлүштүрүлүшү

Депозиттерди коргоо боюнча агенттик

Депозиттердин бөлүштүрүлүшү
Бишкек83 %
Аймактар17 %

Бул көрсөткүчтүн себептерин түшүндүрүүдө Букуев Бишкекти өлкөнүн негизги финансылык борбору экенин белгиледи. Андан тышкары, аймактардагы жарандардын банктык тиркемелерди активдүү колдонуусу да Бишкекке караган көрсөткүчтүн жогорулашына таасир этүүдө.

Аткаруучу директордын түшүндүрмөсүнө караганда, айыл жергесиндеги тургундар банктык тиркемелер аркылуу акча каражаттарын Бишкектеги банктарга которушат. Кээ бир банктар Бишкек шаарында гана иштеп, бирок алардын тиркемелери аркылуу аймактардан каражат түшкөндө, бул депозиттер борбор шаардагы эсептерде чагылдырылат. Ошондой эле, айыл чарба тармагындагы ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгү үчүн аймактардагы депозиттердин үлүшү төмөн экени айтылды.

Валюталык депозиттердин коопсуздугу боюнча да маалымат берилди. Эгерде банк иштетүүдөн чыгарылса, чет элдик валютадагы депозиттер Улуттук банктын курсу менен сомго айландырылып, төлөнөт.