Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында СИЗО-1дин аймагы боюнча чечим али кабыл алына электигин билдирди. Анын айтымында, учурда курулуш планы иштелип жатат, андан кийин долбоор сөзсүз түрдө коомчулуктун кароосуна берилет.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Эльвира Сурабалдиева мэрден шаардын борборундагы алдын ала кармоо изоляторун бузуп, анын ордуна парк куруу жана жолдорду кеңейтүү пландалып жатканы тууралуу суроо берди.

Мэр шаардык бийлик социалдык объекттерге, парктарга жана жолдорго артыкчылык берип жатканын белгиледи. Генералдык планды иштеп чыгуу учурунда борбордо жашыл зоналардын саны дээрлик үч эсеге азайганы жана жолдогу тыгындар өтө курч маселе экени аныкталган. Ошондуктан бош жер участоктору биринчи кезекте ушул маселелерди чечүүгө багытталууда.

Депутаттын СИЗО-1дин тагдыры боюнча тактоочу суроосуна жооп берген Айбек Жунушалиев, азыркы учурда курулуш планынын үстүндө иш жүрүп жатканын айтты. Документ даяр болгондон кийин, ал шаардыктар менен ачык талкууга чыгарылат.