АКШнын Соода министрлиги 25-сентябрдагы билдирүүсүндө "Кыргыз темир жолу" (КТЖ) менен Wabtec Corporation ортосундагы келишимдин суммасы 53 миллион доллар экенин ырастады. Документ 10го чейин локомотив жеткирүүнү карайт.
Келишимге 21-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында кол коюлганын Соода министрлиги билдирди. Бирок америкалык тарап техниканы Кыргызстанга качан жеткире баштары так айтылган жок.
Президенттик администрациянын маалыматы боюнча, КТЖ ТЭ33АС сериясындагы жүк локомотивдерин 2027-жылдын аягына чейин алат. Бул жаңы техника улуттук компаниянын локомотив паркынын болжол менен 30% жаңылоого мүмкүндүк берет.
Контракттын негизги көрсөткүчтөрү
Сатып алууну АКШнын Экспорттук-импорттук банкы (EXIM) колдоду: сентябрдын башында ал кат жана каржылоонун алдын ала шарттарын даярдаганын Соода министрлиги белгиледи. Келишим суммасына запастык бөлүктөр жана тейлөө кирери такталган эмес.












