Кыргызстан Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку саясий форумда АКШнын Trade Over Aid демилгесин колдогонун билдирди. Ал демилге эл аралык жардам берүү модели эмес, соода жана инвестиция аркылуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталууда.
Министр өз сөзүндө бул демилге Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасы менен шайкеш келерин белгилеп, өнөр жайды өнүктүрүү, экспортту диверсификациялоо жана инвестицияларды тартуу маселелерине басым жасады.



















