Түрмөктө турган мурдагы Жогорку Кенеш депутаты Максат Кунакуновдун жубайы Кенже президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал күйөөсүнүн камакка алынышы мыйзамсыз экенин жана кылмыш ишин тергөөгө чет кишилердин кийлигиши мүмкүн экенин айтты.

Азыркы учурда тергөө адилетсиз жана бир тараптуу жүрүп жатат. Манап деген адамдын бул ишке чоң таасири бар экени белгилүү болду.
Кенже

Кенженин маалыматы боюнча, Кунакуновдун камакка алынышы сегиз балалуу үй-бүлөгө, өзгөчө балдарга оор таасирин тийгизген. Ал өз кайрылуусунда күйөөсүнүн балдардын ар бир кадамын көзөмөлдөп турган ата экенин белгиледи.

Максат ар дайым балдарга көз салып, алар кайда баратканын, кимдер менен жолугушканын жана эмне менен алектенишин билчү. Анын мыйзамсыз камакка алынышы биздин үй-бүлөгө түздөн-түз таасир этти.
Кенже, Максат Кунакуновдун жубайы

Аялдын айтымында, анын күйөөсүнүн кылмыштуу куугунтугуна Абдыманап Бегишев (Манап) жана Улукбек Ырысбеков деген кишилер тиешеси бар. Алар күйөөсүнүн ишенимине кирип, үй-бүлө жашаган үй жана үй-бүлөлүк бизнес тууралуу документтерди алдамчылык жол менен өз атына өткөрүп алышкан. Бул окуялардан кийин Кунакунов камакка алынган.

Ошондой эле, Кенже тергөө иштерине кийлигишүү боюнча айып ташты. Анын айтымында, Манап деген таанылган адам президенттин айланасындагы тааныштары бар экенин айтып, тергөө органдарына таасир этүү үчүн президенттин атын колдонууда.