2023-жылдын 13-июлунда АКИpressте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын ар түрдүү региондорунан жыйналган жарандар «КУТ-БАРС КЕЙ ДЖИ-ИНВЕСТ» компаниясынын аракеттерине байланыштуу чогу бир пикир билдирип, президент Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага жана укук коргоо органдарына компаниянын ишин териштирүү боюнча кайрылышты.
Катышуучулардын айтымында, алар 2018-жылдан баштап компаниянын долбооруна кирген. Компания инвестициялык программада чоң каражат кайтаруу убада кылган. Бирок көпчүлүгү каражатты салып койгонуна карабай, убадаланган төлөмдөрдү же салынган акчасын кайтарууга мүмкүн болгон жок.
Искра Тажикулова өзүнүн 2018-жылы компанияга кошулганын айтып, 25 миң сом салып 50 миң доллар өндүрүүнү убада кылышканын, бирок акчаларын же төлөмдөрдү алган эмес экенин белгиледи. Ал ошондой эле укук коргоо жана башка тиешелүү органдарга кайрылганы менен учурдага чейин натыйжа болбогонун айтты.
Сагида Эстебесова жарандарга чет өлкөлөрдөн инвестициялар тартылып, бизнес ачууга көмөк көрсөтүлөрү жөнүндө айтылганын кошумчалады. Ушул убадага таянып алар долбоорго катышып, баштапкы каражаттарын салышкан.









