Бишкектин 10-микрорайонундагы 1-үй ээлери үч жумалык мөөнөткө жылуулук жана ысык суусуз жашап жатышат. Бул маселе бир гана аталган үйдө гана байкалып жатканын шаардык Ирена аттуу жаран билдирди.

Үй ээлери «Бишкектеплоэнерго» муниципалдык ишканасына бир нече жолу кайрылып, «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу даттанууларды калтырышкан. Бирок азырынча жылуулук жана ысык суу кайтарылген жок.

Ишкана тарабынан берилген жооптордо адистер ысык суунун жоктугуна себеп болгон маселени чечкендиги жана пусконаладкалык иштер жүрүп жаткандыгы, жылуулукту бир күндүн ичинде калыбына келтирүү боюнча убадалар берилгендиги айтылган. Бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок.

Бүгүн «Бишкектеплоэнергодо» чалыштык. Комиссия кыдырып жүрөт жана качандыр бир күнү биздин үйгө жетет деп айтышты. Кечинде кайра чалганда, котельнаяда электр энергиясы жок экенин билдиришти.
Ирена, шаардык

Азыркы учурда үй ээлери жооптуу кызматтардан жылуулуктун жана ысык суунун узак убакыт бою жок болуп жаткан себебин түшүндүрүүнү жана аларды калыбына келтирүү мөөнөтүн так көрсөтүүнү суранып жатышат.