Мэриянын маалыматы боюнча, шаардык администрациянын кызматкерине ишкерлердин бири түшкү тамак үчүн 5 миң сом которгон. Бул жагдай мэр Айбек Жунушалиевдин кыжырын кайнатты.

Силер ачка жүрөсүңөрбү? Түшкү тамакка мынча акча беришет. Бир отурганда бир кой жеп жатасыңарбы?
Айбек Жунушалиев

Шаар башчысы район акимдерине кызматтык иликтөө жүргүзүп, окуяга тиешеси бар адамдардын баарын аныктоону тапшырды. Ошондой эле акча алган кызматкерди жумуштан алуу маселесин карап, чогултулган материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүнү талап кылды.

Жыйында мэриянын кызматкерлерине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө карата 44 материал боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бизди көп сындашат, беш вице-мэр кармалганын айтышат. Эгер мыйзам бузуу болсо, жүзүн карматабыз, кармоого да жол беребиз. Эч кимиңер менен аласа-бересем жок
Айбек Жунушалиев

Коррупциялык билдирүүлөр үчүн телефондор

Мэр Айбек Жунушалиев шаардыктарды мэрия кызматкерлеринин мүмкүн болгон коррупциялык аракеттери тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоого чакырды:

Бул чаралар шаар башчысынын жетекчилиги астында өткөн жыйындын жыйынтыгында кабыл алынган. Жыйында ошондой эле жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын абалы, балдар аянтчалары жана муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты талкууланды.