Бишкек эркин экономикалык зонасы Кытайдын Чэнду шаарында жаңы өкүлчүлүк ачты. Бул тууралуу СЭЗдин башкы дирекциясы билдирген. Аталган кадам Кытайга болгон иш сапардын жыйынтыгында кабыл алынган.
Делегация 250дөн ашык кытайлык бизнес өкүлдөрү жана компания жетекчилери менен жолугушту. Чэндудагы представительствонун милдети Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, маалыматтык колдоо көрсөтүү жана кытайлык инвесторлор менен байланыштарды орнотуу болуп саналат.
Документте бизнес байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана Кытайдын мамлекеттик органдары менен бизнес чөйрөсү менен өз ара аракеттенүү камтылган.
СЭЗ «Бишкек» өкүлчүлүгү аркылуу инвестициялар тартылып, жаңы өндүрүштөрдү түзүү максатында кеңири эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү пландалууда.










