Бишкектеги оюн-көңүлчүлүк мекемесинде болгон чыр-чатактан кийин окуя ордунан качып кеткен жаран кармалды. Патрулдук кызматтын башкармалыгынын маалыматы боюнча, 8-ноябрдын эртең менен Н. А. аттуу жаран урушка катышып, BMW унаасы менен ошол жерден кеткен.
Саат 06:40дө милиция кызматкерлери мамлекеттик каттоо номери жок болгон унааны токтотуп, аны айып пул токтотуучу аянтчага алып коюшкан. Документтерди тариздөө учурунда унаанын ээси Н. А. милиция кызматкерлерине карата балакап, аларды физикалык жактан жабыркатуу менен коркутууну баштаган. Ушул себептен ал Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №5 ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жарандын мурда Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары тургандыгы аныкталган.
Кылмыштуу топ менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте унааны издөө жүргүзүшкөн. Издөө учурунда белгисиз маркадагы тапанча, баңгизат болушу мүмкүн болгон зат жана атууга жарамдуу төрт ок-дары табылган.
Унаадан табылган буюмдар
Тандалган эксперттик корутундуларга ылайык, табылган тапанча откураткыч курал, ал эми зат баңгизат болуп табылган. Ошондой эле төрт ок-дарынын атууга жарамдуулугу тастыкталган.











