Кызыл-Кыя шаарындагы соода түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында акциздик маркасы жок жана жарамдуулук мөөнөтү өткөн товарлар аныкталып, сатуудан алынды.

Шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун билдирүүсүнө ылайык, шаардык салык кызматы тарабынан конфискацияланган акциздик маркасы жок продукциялар белгиленген тартипте жок кылынды.

Жок кылынган суусундуктардын көлөмү

350литрден ашык
1түркүн суусундуктар

Мындан тышкары, шаардагы соода чейректеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр да табылып, алар кардарларга сатылбай коюлду.