Кыргызстан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түштүк Кореяга 539 кг табигый бал экспорттогону белгилүү болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын бажы кызматынан алынган маалыматтардан көрүнүп турат.
Бул сумма 5 миң долларды түзүп, бир килограмм балдын орточо баасы болжол менен 9,3 доллар болгон.
2025-жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү 3,3 тонна жана 33 миң доллар болгондуктан, учурдагы көрсөткүчтөр 6 эседен ашык төмөндөгөнү байкалат.
Ошондой эле 2025-жылдын бүтүндөй жылдык көрсөткүчү боюнча Кыргызстан Түштүк Кореяга 28,2 тонна бал экспорттоп, 326 миң долларлык киреше тапкан.
Анын ичинен декабрь айында эң көп көлөм — 15,3 тонна жана 205 миң доллардык баадагы бал жөнөтүлгөн, бул жалпы жылдык сумманын 62,9% түзөт.












