Бишкек шаарынын мэриясы шаардын негизги трафик жолдорунун бир бөлүгүндө светофорлорду демонтаждоо пландалып жатканын билдирди. Бул чечим Южная магистраль, Садырбаева (Баха) жана 7-Апрель көчөлөрүнө тиешелүү.

Шаардык транспорт департаментинин жетекчиси Абдыжапаркул Жанболотовдун маалыматы боюнча, бул процесс бир жолку эмес, көп жылдык пландын алкагында этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Бул көп жылдык план, ал этап-этабы менен ишке ашырылат. Учурда тиешелүү долбоорду даярдоо иштери жүрүп жатат.
Абдыжапаркул Жанболотов, Шаардык транспорт департаментинин жетекчиси