АКШнын Федералдык жарандык авиация башкармалыгы (FAA) аба жолун башкаруу борборлорундагы байланыш системасынын ишиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам өлкө боюнча бардык аэропорттордон учактардын учушун токтотуп койду. Бул кырдаал авиациялык каттамдардын масштабдуу кечиктирилишине жана жок болушуна алып келди.
Аба диспетчерлери учууда жүргөн учактардын кыймылын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Документке ылайык, жаңы көрсөтмөлөр келгенче жаңы учактардын учушу тыюу салынган. Ал эми эл аралык учуштарды кабыл алуу жеке тартипте чечилет.
Документтен
Кыймыл өзгөчө буйрук чыкканга чейин токтотулуп турушу керек. Эл аралык каттамдарды аткаруу маселеси жеке тартипте чечилет.
АКШнын Транспорт министри Шон Даффи X тармагындагы жазуусунда, токтотуунун себеби бардык аба жолун башкаруу борборлоруна таасир эткен байланыш системасындагы техникалык мүчүлүштүк экенин билдирди. Анын айтымында, ведомствонун адистери себептерди аныктоо үстүндө иштеп жатышат.
Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, мындай чечим АКШ тарыхында 2001-жылдагы 11-сентябрь теракттарынан кийинки экинчи ушундай окуя болду. Мүчүлүштүктөрдөн беш саат өткөндөн кийин авиациялык каттамдар калыбына келтирилди.
Авиациялык кесепеттер








