Элебесов көчөсүндөгү жол оңдоо иштеринин узакка созулуп кеткени боюнча жергиликтүү тургундар шаардык бийликке даттанышкан. Жарандар вице-мэрди ошол жерге келип, абал менен өз көзү менен таанышып чыгууну суранышкан.}}{ ype la

Рамиз Алиев иштердин эмне үчүн кечигип жатканын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, көчөнү кеңейтүү үчүн ал жердеги жеке үйлөрдү жана СТО борборлорун бузуу зарыл болгон. Бул процесс кошумча убакытты талап кылган.

Ошондой эле, үй ээлери менен макулдашуу жүргүзүү жана аларга компенсация төлөө иштери да оңдоо процессинин кечигишине себеп болгон.}}{ ype la

Учурда бул маселелер чечилип, жол оңдоо иштеринин жүрүшү камсыз кылууга аракет кылынууда.