Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Жолугушуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде өткөрүлдү. А Акыйкатчы Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте жарандарды кабыл алды.

Мигранттар негизинен миграциялык каттоо, Россияда болуу мөөнөтүн узартуу, айып пулдар жана өлкөдөн чыгаруу коркунучу боюнча маселелерди көтөрүштү. Айрым жарандар, анын ичинде студенттер каттоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен, көзөмөл реестрине киргизилип, айып пул төлөө жана депортациялануу коркунучуна туш болушууда.

Эмгек укуктарынын бузулушу

Жолугушууда эмгек укуктарынын бузулушу боюнча олуттуу учурлар айтылды. Мисалы, заводдо иштеп жүрүп өндүрүштүк жаракат алган кыргызстандык аялдын абалы талкууланды. Анын колунун манжасы ажырап, тогуз айдан бери дарыланып келет, бирок иш берүүчү компенсация төлөөдөн баш тартып, аялды жатаканадан чыгарып салган. Учурда аял сотко кайрылган.

Мындан тышкары, төмөнкүдөй маселелер да көтөрүлдү:

  • Кылмышка шектелип кармалган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары
  • Москвада камакка алынган жубайларга котормочу берилбегендиги
  • Россиядагы эмгек стажынын Кыргызстанда пенсия үчүн эсепке алынышы