Айбек Жунушалиев ОГМВнын Евразия боюнча вице-президенти катары жыйынга катышты. Ал климаттын өзгөрүшүнө каршы жергиликтүү деңгээлде аракеттердин пландарын иштеп чыгууга арналган тематикалык сессияда сөз сүйлөдү. Бул иш-чара БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясына (COP31) даярдык көрүү алкагында өткөрүлдү.
Сессияга Түркиянын курчап турган чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум, ОГМВнын президенти, Конья шаарынын мэри Угур Ибрагим Алтай, ОГМВ-Африканын президенти, Ндиоб коммунасынын мэри Умар Ба жана Якутия шаардык думасынын төрагасы Альберт Семёнов катышты.
Катышуучулар глобалдык климаттык максаттарга жетүүдө шаарлардын ролуна, жергиликтүү климаттык аракеттердин пландарын иштеп чыгууга, каржылоону тартууга жана улуттук менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.
Талкуу учурунда жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгү баса белгиленди. Шаарлар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине түздөн-түз туш болуп, шаардык инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу, экологиялык долбоорлорду өнүктүрүү жана жаңы климаттык шарттарга ыңгайлашуу боюнча практикалык чараларды көрүүдө.
Ошондой эле шаарлар арасында тажрыйба алмашуу, институционалдык жана техникалык потенциалды өнүктүрүү, климаттык демилгелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелери каралды.








