Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматынын маалыматы боюнча, күтүлүүдө турган кар жаагандыгына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы өзүнүн кызматкерлерин жана техникаларын даярдык режимине өткөрдү.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар көчөлөрүндөгү карды тазалоо үчүн төмөнкүдөй техникалар даярдалган:
Карды тазалоо иштерине жол эксплуатациялоо кызматынын 50 кызматкери, коомдук аймактарды тазалоочу 954 жумушчу жана 197 жүк ташуучу тартылат деп күтүлүүдө.
Мэриянын айтымында, биринчи кезекте негизги магистралдар, коомдук транспорт өтүүчү көчөлөр жана муз болуп калуу коркунучу жогору болгон участоктор тазаланат.
Ошондой эле, жолдордогу музду жоюу үчүн техникалык туз камдалып турат. 1-ноябрдагы абалга караганда, 6 769 тонна туз даярдалган.











