Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө таянса, Ленин райондун аймагында Айни көчөсүндөгү жол курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Жаңы жол Махатма Ганди көчөсүнөн Алышев көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт.
Бул долбоор райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу кыймылдашын камсыз кылуу максатында ишке ашырылды. Курулуш иштерин «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарган.











