Бишкек шаарында быйыл 127 көчөдө жолдорду куруу жана оңдоо, ошондой эле 29 көчөдө тротуарларды оңдоо пландаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен подрядчы уюмдар менен кеңешме болуп өттү. Анда долбоорлорду ишке ашыруунун темптери жана курулуш учурунда пайда болгон маселелер талкууланды.

Жолугушуу учурунда подрядчыларга келишимдин шарттарын бузгандыгы жана кемчиликтерди өз убагында жойбогондугу үчүн санкциялар колдонулушу мүмкүн экендиги эскертилди. Атап айтканда, ишенимсиз компаниялар тиешелүү реестрге киргизилип, алардын муниципалдык сатып алууларга катышуусу чектелиши мүмкүн.