23-ноябрдагы маалыматтарга таянса, Бишкек дүйнөдөгү ири шаарлардын абасынын сапаты боюнча рейтингинде 24-орунду ээлөөдө. Бул көрсөткүчтөр абанын булганышынын деңгээли жогору экенин билдирет.
World Air Quality сайтынын маалыматы боюнча, шаардагы абанын сапатынын индекси (AQI) 115 түзүүдө. Бул деңгээл сезимтал топтор үчүн абанын сапаты жагымсыз экенин билдирет.
Абанын сапатын аныктоочу AQI индекси алты категорияга бөлүнөт. Бул категориялар ден соолукка коркунучтун деңгээлин көрсөтүп турат. Мисалы, AQI көрсөткүчү 50дөн төмөн болсо аба жакшы деп эсептелсе, 300дөн жогору болсо өтө кооптуу деп бааланат.






