12-ноябрдын кечинде Бишкек шаарынын абасынын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде 17-орунду ээлегени белгилүү болду. Бул маалыматты World Air Quality платформасы берди.

Саат 19:30га карата шаардагы абанын сапатынын индекси (AQI) 90 түзүлдү. Бул көрсөткүч «орточо» деңгээлге таандык.

17дүйнөлүк рейтингдеги орун
90абанын сапатынын индекси (AQI)

Абанын сапатын аныктоочу AQI индекси ден соолукка коркунучтуулуктун деңгээлине жараша алты категорияга бөлүнөт. Маалыматка ылайык, эгерде AQI көрсөткүчү 300дан ашса, аба өтө коркунучтуу деп эсептелет, ал эми 50дөн төмөн болсо, аба таза жана жакшы деп эсептелет.