Бишкек шаарынын четинде сооданын өзгөчө форматындагы дүкөндөр иштеп жатат. Мындай жерлерде сатуучулар жана кассирлер жок, ал эми кардарлар өздөрү керектүү азык-түлүктөрдү же көмүрди тандап, төлөмдү өз алдынча жүргүзүшөт.

Ишкерлер кардарлардын чынчылдыгына толугу менен ишенишет. Номад ТВ каналынын маалыматы боюнча, уурдоо учурлары өтө сейрек кездешет, ошол себептүү бул соода форматын өнүктүрүү жана жаңы чекиттерди ачуу пландалууда.