Манас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери 95 пайызга чейин бүткөн. Жаңы объект 20 гектардан ашык жерди камтыйт.
16-ноябрда Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Талант Аким уулу жана «МСК Групп» ЖЧКсынын директору Нурбек Исмаилов курулуш объектиси менен тааныштырышты.
Базардын негизги көрсөткүчтөрү
Маанилүү өзгөчөлүк — жаңы базардагы соода орундары сатылбайт. Алар учурда шаардагы эски базарларда иштеп жаткан соодагерлерге гана берилет. Бул маселени чечүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынан, укук коргоо органдарынан жана тиешелүү мекемелерден турган атайын комиссия түзүлгөн.
Жаңы жайга борбордук базардын, ошондой эле «Береке», «Нооруз», «Адилет», «Шабдалызар» жана «Мадумар-Ата» базарларынын соодагерлери көчүрүлөт. Мындан тышкары, Курманбек көчөсүндөгү муниципалдык базардан мурда соода орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да жай берүү пландалууда.
Соода орундары ишкерлердин багытына жараша бөлүштүрүлөт. Дүң соода кылгандар жана айыл чарба продукцияларын сезондук саткан адамдар үчүн өзүнчө аянттар каралган.
Жаңы базарда соода түйүндөрүнөн сырткары тамактануучу жайлар, 14 банк, унаа жуучу жайлар жана акча алмаштыруучу пункттар иштейт. Коопсуздукту камсыздоо максатында аймакка жана имараттын ичине 1500 видеокамера орнотулган.



















