Министрлер Кабинети «Кумтор» кени боюнча кайра каралган инвестициялык макулдашууга кошумча макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул чечимдин негизги максаты — «Центерра Голд Инк.» компаниясынын долбоордон чыгып кеткен учурда кенинин ишин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу улантуу болуп саналат.
9-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон №747 токтомго ылайык, аталган кошумча макулдашуу долбоору бекитилди. Токтомдо «Кыргызалтын» ААК жана «Кумтор Голд Компани» ЖАК тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл экендиги белгиленген.
- 24-апрель, 2009-жыл
Бишкек шаарында инвестициялык макулдашууга кол коюлган
- 11-сентябрь, 2017-жыл
Өкмөттүн №396-р буйругу менен макулдашуу жактырылган
- 26-декабрь, 2023-жыл
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун аракеттенүү мөөнөтүн токтотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган











