Кыргызстандын Министрлер Кабинети Кумтор алтын казып алуу кени боюнча кайра каралган инвестициялык келишимге кошумча макулдашуунун долбоорун жактырды. Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кол койду.
Бул документ 2009-жылдын 6-июнунда Кыргызстандын Өкмөтү, канаддык Centerra Gold Inc. компаниясы, ошондой эле «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» компанияларынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге тиешелүү.
Токтомдо белгиленгендей, өзгөртүүлөр Centerra Gold компаниясынын «Кумтор» долбоорунан чыгып кетүүсү жана кенинин натыйжалуу, үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу зарылчылыгы менен байланыштуу.
Ошондой эле, документ мурда түзүлгөн айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө 2023-жылдын 26-декабрындагы макулдашууну, ошондой эле «Кумтор Голд Компанинин» 2019-жылдын 7-августундагы бир тараптуу милдеттенмесин ишке ашырууга багытталган.
Бул чечимдин негизинде «Кыргызалтын» ААК жана «Кумтор Голд Компани» ЖЧКсына токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүү сунушталды. Мамлекеттик органдарга өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул макулдашууну ишке ашырууга көмөктөшүү тапшырылды.
Айта кетүүчү нерсе, жарыяланган токтомдун текстинде тараптардын финансылык, инвестициялык же экологиялык милдеттенмелериндеги конкреттүү өзгөртүүлөр ачык көрсөтүлгөн эмес.











