Чүй облусунун Москов районундагы Беловодское айылында жайгашкан атайын жалпы билим берүүчү (жардамчы) интернат мектебинде окуучулар кол өнөрчүлүк менен алектенип жатышат. Бул тууралуу мектептин директору Гүлзар Жумагулова билдирди.
Интернат Нарзан айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген 158 бала билим алууда.
Республикалык бюджеттин эсебинен мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Атап айтканда, 23 пластик терезе орнотулуп, акт жана спорт залдарына капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Ошондой эле тамаккана белгиленген талаптарга ылайык жабдылган.
Мектептин эмгек мугалими Миржан Жунушалиева балдарга эмгекке үйрөтүүгө чоң маани берилип жатканын белгиледи. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүп төмөнкүлөрдү айтты:
Мындан тышкары, окуучулар тарбиячылар менен биргеликте койдун жүнүнөн (войлок) Ч. Айтматовдун чыгармаларынын мотивдерин колдонгон ар кандай жасалгаларды жасашат. Бул иштерди мектептин акт залынын дубалдарынан көрүүгө болот.



















