22-ноябрь күнү саат 16:30дө Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 134-километринде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан билдирилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгыш багыты менен жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочу башкарууну көзөмөлдөй албай калган. Натыйжада ал жолдун ортосундагы тоскоолдукту сыйрып өтүп, карама-каршы тилкедеги Hyundai Sonata жана Ford Focus маркасындагы унаалар менен кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган үч адам Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилди. Учурда кырсыктын так себептери аныкталууда.