Беловодское айылы — Москва районунун административдик борбору. Бул жерде ар бир жекшемби күнү жармаңке өтүп, анда малга кышкы тоюттар сатылат.
Учурда сатылып жаткан тоюттун баалары төмөнкүчө:
- Таза беде — бир түк 370 сом
- Саман — 150 сом
- Тоо чөбү — 300 сом
- Аралаш тоют (камыш, тоо чөбү, беде) — 250 сом
Мындан тышкары, жармаңкеде сатып алуучуларды күтүп турган трициклдерди да көрүүгө болот.
Бул айылдагы мал базары мурдагы жылдары санитардык талаптарга жооп бербегендиктен жабылганы белгилүү.




























