Чүй областынын Московский районунда жаңы бышкан калемпирлер сатыкка чыгарылды. Калемпирдин килограммы 20 сомдон сатылууда.
Калемпир негизинен Толок, Спартак, Петровка, Беш-Терек жана Беш-Корук айылдарында өстүрүлөт. Толок айылынын калемпири өзгөчө даамы менен айырмаланып базарда жакшы сатылууда.
Бирок саткан дыйкандар соода жүргүзүү үчүн атайын орун уюштурууну жергиликтүү бийликке кайрылышты. Алар көп учурда соода жүргүзүүгө уруксат алууда кыйынчылыкка туш болушат.
Дыйкандар: «Ар дайым жай мезгилинде мындай көйгөй жаралат. Мамлекеттик өкүлдөр: “Бул жерден соода кылбагыла, бул пешеходторго кооптуу, жолдо тыгызыктарды жаратабыз” дешет. Бирок биз кайда сатууну билбей жатабыз. Эгер ушул жерде соода кылууга болбосо, анда бизге ылайыктуу шарт түзүлсүн» деп билдиришет.
2025-жылы райондо 1180 гектар калемпир эгилсе, быйылкы 2026-жылы 1083 гектар аянт калемпир эгилген.



