Экономикалык өсүш темпи туруктуу болсо, өлкөнүн Ички дүң продуктусун (ИДП) жаңы деңгээлге чыгарууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Аслан Мусабековдун айтымында, максатка жетүү үчүн жаңы ишканаларды ачуу жана жүздөгөн миллион доллар өлчөмүндөгү инвестицияларды тартуу зарыл.

СторисКыргызстандын ИДП 2030-жылга чейин 30 млрд доллардан ашатСлайддар: 6
  1. Кыргызстандын ИДП 2030-жылга чейин 30 млрд доллардан ашат
  2. Негизги максат. Экономика жыл сайын 8-10% өссө, 2030-жылга карата ИДП 30 миллиард доллардан ашык болот.
  3. 30 млрд доллар — 2030-жылга чейинки болжолдуу ИДП
  4. 11,1 % — 2025-жылдагы ИДПнын өсүш темпи
  5. «Эгерде биз 2030-жылга чейин өсүүнү 8–10% чегинде уланта алсак, 30 млрд долларга жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.» — Аслан Мусабеков
  6. Өнүгүү үчүн шарттар: Жаңы ишканаларды ачуу; Инвестицияларды тартуу; Мамлекеттик туруктуулук; Сырьелык база жана адамдык ресурстар

Инвестицияларды тартууда мамлекеттик туруктуулук негизги шарт болуп саналат. Мисалы, чек ара маселелери чечилгенден кийин Баткен облусуна инвесторлордун келип жатканын ал пример катары келтирди. Ал эми туруксуздук инвесторлорду коркутуп калышы мүмкүн болгон негизги тобокелдик экенин белгиледи.

Өнүгүү көрсөткүчтөрү

Өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү акыркы жылдары позитивдүү динамиканы көрсөтүүдө. Мусабековдун маалыматы боюнча, 2025-жылы ИДПнын өсүш темпи 11,1% түзсө, 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 10,5% болду.

Негизги экономикалык маалыматтар

22,6млрд доллар (2025-жылдагы ИДП)
1172025-жылы ачылган ишканалар
872026-жылдын 10 айында ачылган ишканалар
Эгерде биз 2030-жылга чейин өсүүнү 8–10% чегинде уланта алсак, 30 млрд долларга жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бизде жетиштүү сырьелык база жана адамдык ресурстар бар. Бул максат реалдуу деп эсептейм.
Аслан Мусабеков, Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы