Баткен облустук жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын мугалими Саламат Чоңатаева 1975-жылдан бери химия жана биология сабактарынан балдарга билим берип келет. Ал эмгек жолун Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте баштаган, 1993-жылдан тартып облустук мектеп-интернатта иштейт.

Мугалимдин айтымында, анын окуучулары бүгүнкү күндө Баткендеги ооруканаларда эмгектенишет, ошондой эле Германия, Корея, АКШ жана башка өлкөлөрдө илимий изилдөөлөр менен алектенишет. Өзгөчө сыймыктанары — облустук ооруканадагы дарыгерлердин 50–60 пайызынын анын кол астынан өткөндүгү.

Адеп 1969-жылы мектепти бүтүрдүм. Айылда мугалимден башка кесипти билчү эмесмин. Ошондуктан балдарга билим берип, педагог болгум келди. Башкалардын балдарын окутууну кыялданып, борбордогу Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун химия жана биология педагогикалык факультетин бүтүрдүм.
Саламат Чоңатаева, мугалим

Саламат Чоңатаева ишмердүүлүгүндө окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоого өзгөчө көңүл бурган. Анын окуучуларынын арасынан облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн саны 50дөн ашкан.

Олимпиададагы ийгиликтер

50+облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү
4акыркы 10 жылда республикалык олимпиаданын 1-орун ээлери
2биология боюнча жеңиш
2химия боюнча жеңиш
Акыркы 10 жылдын ичинде төрт окуучум республикалык олимпиадада биринчи орунду ээледи. Алардын экөө биология боюнча, дагы экөө химия боюнча жеңишке жетишти.
Саламат Чоңатаева, мугалим