Жашыл энергетика фонду 2027-жылдын июлуна чейин апробациялык режимде иштей турганын фонддун директору Эмилбек Орозбаев 4-ноябрда Биринчи радионун эфиринде билдирди. Ал президенттин жарлыгы менен фондго бир жылдык атайын статус берилгенин тактады.
Аталган жарлык 2026-жылдын июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, фонд бир жыл бою атайын режимде иш алып барат.
Бул мезгилде фонд кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду өзү «ачкычка» даярдап, даяр долбоорлорду сынакка коёт. Даярдык чыгымдарын мамлекет менен фонд өз мойнуна алат, ал эми инвесторлор бул этапта эч кандай чыгым тартпайт.
Инвесторлор бул этапта бир сом да, бир доллар да коротпойт.
Участокту изилдөөдөн мурун фонд мамлекеттик органдардан тарыхый мурастын бар-жогу жана курулуштун жаратылышка зыяны тийбей турганы тууралуу корутундуларды алат. Андан кийин инвесторлордун арыздарын сегиз мамлекеттик органдан турган сынак комиссиясы карайт.
Эгерде бул механизм натыйжа берсе, фонд өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана милдеттерин кеңейтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылат. Фонд бул сунуштарын 2027-жылдын жайына чейин даярдай турганын Орозбаев билдирди.









