Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн эртең менен Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарына келди.
Аны аэропорттон Кыргызстандын Премьер-министри Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эмомали Рахмон борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин катышуусунда өтүүчү неформалдык консультативдик жолугушууга катышат.
Бул жолугушуунун максаты аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана туруктуулукту чыңдоо болуп эсептелет.







